24.kg
13:04, 26 марта 2021, 24.kg

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровду эмдөө боюнча түшүндүрмө берди

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.

«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентте эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», — деди Байтерек.

Белгилей кетсек, 29-марттан баштап Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Министр Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18