24.kg
15:03, 25 марта 2021, 24.kg

Эми премьер-министр Улукбек Марипов Ташкентке кетти

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга эки күндүк жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Улукбек Марипов Кыргызстандын жана Өзбекстанстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары, премьер-министр Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

Белгилей кетсек, 11-мартта Садыр Жапаров Ташкентке мамлекеттик сапар менен барды, андан кийин 22-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18