24.kg
15:35, 23 марта 2021, 24.kg

COVID-19. Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштагандыктан, санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өткөн суткада Бишкекте 56 адамдан коронавирус аныкталып, оору илештиргендердин саны 29 миң 645ке жетти.

«Эпидкырдаал көзөмөлдө, ошентсе да бири-бириңерди карагыла. Илдет жуктургандардын саны өсө баштагандыктан вице-мэр Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы менен санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Чарба субъектилеринде мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия санитардык талаптарды аткарууда жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлөрүн айтып, ишкерлерден кызматкер, кардарларына коопсуз шарт түзүп берүүнү өтүндү.

Муниципалитет шаардыктарды бет капты түшүрбөй тагынууга чакырып, спорт менен машыгууга үндөдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18