24.kg
10:53, 23 марта 2021, 24.kg

Кечээ Чүй жана Нарын облустарында жер титирөө катталды

22-мартта Чүй жана Нарын облустарында жер титирөө катталганын Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 22-мартта саат 16:45те Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 18:17де өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Ысык-Ата» курортунда жана Чүй районунун Арпа-Тектир айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18