24.kg
09:25, 23 марта 2021, 24.kg

«Жерүйдө» 18 адамдын тамакка ууланганы иликтенүүдө

Талас облустук ички иштер башкармалыгы Жерүй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы тууралуу маалыматты иликтей баштады. Бул факт «Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу» менен электрондук эсепке алуу журналына катталганын облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

21-мартта «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланганын жазган. Ал кызматкерлер жумуштан чыгып калуудан коркуп бул тууралуу айтпай жатканын билдирген.

Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы 22-мартта бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түшүндүрмө таратты. Ишкананын маалыматы боюнча, 20-мартта компаниянын медициналык кызматкерлерине ден-соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылган. Алардан анализдер алынып Таластын санэпидстанциясына жөнөтүлгөн.

«Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот. Биздин компания ички иликтөө ишин баштаган. Бүгүнкү күндө кайрылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачкан​. Орусиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы Андрей Костин бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан болчу.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс алтын» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18