24.kg
11:03, 19 марта 2021, 24.kg

Жигерчи Эрлан Бекчоро уулу суракка чакырылды

Жигерчи Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Айтымында, суракка чакырылышына «Ханституцияга каршы» кыймылынын имаратын ижарага алууда расмий тарап катары келишимге кол койгону себеп болушу мүмкүн.

«Кыймылдын имаратын ижарага алууда мен расмий тарапмын. Балким ушундан улам чакырылып жатсам керек. Негизи буга чейин деле атайын кызматтын өкүлдөрү аңдып жүргөндөй болгон», — деди жигерчи.

Бекчоро уулунун сурагы 19-мартта 10:30да башталат.

Эске салсак, 15-мартта блогер Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) кармалып, ошол эле түнү «Ханституцияга каршы» кыймылынын кеңсесин күч органдары тинтүүгө алган.

Активист Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») менен айыпталып, бир айга камалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18