24.kg
09:34, 18 марта 2021, 24.kg

«Мурас-Ордо» жаңы конушунда бычакталган баланын агасы табылды

«Мурас-Ордо» жаңы конушунда бычакталган баланын агасы табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Алардын билдирүүсүндө, үй-бүлөнүн улуу баласы жаңы конушунда четинде жашынып олтурган. Ал иттер менен изделип, кечээ кечинде табылды.

Бала ата-энеси, жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, кылмышын мойнуна алды.

Эскерте кетсек, кечээ «Мурас-Ордо» жаңы конушунда 13 жашар бала үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Анын сөөгүн үйдөн жумуштан кайтып келген апасы тапкан. 10-класста окуган агасы дайынсыз болгондуктан ал издөөгө алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18