24.kg
11:10, 17 марта 2021, 24.kg

Талас драма театры 10 миллион сомдук жабдууну 25 миллионго сатып алган

К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына музыкалык шаймандар өтө жогорку баада сатылып алынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголду.

Маалыматка караганда, музыкалык аспаптардын нак баасы 10 миллион сомду түзсө, ага отчетте 25 миллион сом коротулганы көрсөтүлөт.

Учурда УКМК мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18