24.kg
15:22, 16 марта 2021, 24.kg

IKEA компаниясы Өзбекстанда курула турган фабрикасы тууралуу кабардар эмес

Үй-тиричилик буюмдарын өндүргөн дүйнөгө белгилүү IKEA компаниясы «Свобода» радиосуна Өзбекстанда фабрика салынары жөнүндө маалыматты четке какты.

8-февралда Ташкент облусунун башчысы Даврон Хидоятов президент Шавкат Мирзиёевге аймакта ишке аша турган инвестициялык долбоорлорду көрсөткөн. Өзбек ММКлары аткаминер IKEA компаниясы 52 миллион долларга инновациялык фабрика кура турганын, бул үчүн 5,5 гектар жер бөлүнгөнүн айтканын кабарлашкан.

Жергиликтүү басылмалар IKEA инновациялык фабриканы 22 айдын ичинде салууну пландап жатканын жазышкан. Бирок компания бул маалыматты четке какты.

IKEA компаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2025-жылга карата компания кардарларын көбөйтүү үчүн жаңы 12 рынокко чыгууну пландап жатканы, Өзбекстан бул долбоордо жок экени айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18