24.kg
11:08, 16 марта 2021, 24.kg

Садыр Жапаров АКШнын Камчы Көлбаев боюнча чечимине нараазы

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда кылмыш жасагандарга карата кош стандарттуулук саясатын жүргүзүүдө. Бул тууралуу президент «Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Америка кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовду айыптоо менен учурда АКШ жашап жаткан Аскарбек Шадиев боюнча унчукпайт.

Садыр Жапаров Аскарбек Шадиевден башка дагы кылмышкерлер АКШда жашынып жүргөнүн белгиледи.

«Камчы Көлбаев адам өлтүргөн эмес. Ал мыйзамсыз баюу айыбы менен кармалып, мамлекетке акчаны төлөп берди. АКШ аны «баңги зат сатыгы менен алектенген» деп жатат. Биз маалымат сурадык, бирок берише элек», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18