24.kg
17:13, 15 марта 2021, 24.kg

Садыр Жапаров түрк тилдүү мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров түрк кеңешинин инвестициялык фондусун түзүүнүн жана анын кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруунун маанисин баса белгиледи.

ТМККнын башкы катчысы Түрк кеңешинин алкагында күн тартибиндеги бардык багыттарда, анын ичинде Түрк кеңешинин Инвестициялык фондусун Бишкекте түзүү боюнча да биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап мындан ары да түрк тилдүү өлкөлөр менен бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоо багытында ырааттуу иш алып барарын баса белгилеп, жакынкы убакка мерчемделген ТМКК мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышарын тастыктады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18