24.kg
14:27, 15 марта 2021, 24.kg

Тажикстанда кармалган кыргыз жарандары бошотулду

Тажикстанда кармалып турган жалпы 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан кое берилди.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 23-февраль күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун жергиликтүү үч тургуну, ыйгарым укуктуу өкүл Омурбек Суваналиев менен ТРнын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Кыргызстанга кайтарылган. Анткени алар Тажиксандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалган үчүн, эскертүү гана берилген.

Учурда облустун чек аралаш аймактарында, чек арадан өтүү эрежелери боюнча, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.

Белгилей кетсек учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18