24.kg
10:20, 15 марта 2021, 24.kg

Тажикстанда бензин кымбат жана жетишсиз болууда

Душанбеде марттын башында 7 сомони 20 дирам турган бензин учурда 8 сомони 80 дирамдан, Тажикстандын айрым аймактарында 9 сомониден (($0,79) сатылууда.

«Озоди» радиосу кабарлагандай, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин тартыш болууда. Айрым май куюучу жайларда бир автоунаага 20 литерден көп сатылган жок.

Тажикстандын Монополияга каршы агенттиги Казакстан күйүүчү майдын экспортун кыскартканын, буга байланыштуу өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, соңку үч ай аралыгында бензинден тышкары дизель 23%, суюлтулган газ 13% кымбаттаган.

Бул арада казак басылмалары Атырау шаарындагы суюлтулган газ өндүрүүчү завод капиталдык ремонттон улам убактылуу ишин токтотконун жазышты. Тажикстан суюлтулган газ менен күйүүчү майлардын 90% Казакстандан сатып алат.

Ушул тапта өлкөгө Орусиядан бензин жеткирилүүдө.

Тажикстанда күйүүчү-майлоочу майларды сатууга бир нече компания, анын ичинде «Газпронефть Тажикстан» көзөмөлдүк кылат. Мурда бул тизмеге президенттин күйөө баласына таандык «Фароз» компаниясы да кирчү. Кийинчерээк ал жабылып калган, бирок аны менен байланышы бар юридикалык жактар ишин улантып жатканы айтылып келет

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18