24.kg
11:47, 12 марта 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Өзбекстан Олий Мажлис сенатынын төрайымы менен жолукту

Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Өзбекстандын Олий Мажлис сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелери келечекте да бул чөлкөмдүн туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кылаарын бекем ишеним менен билдирди.

Танзила Нарбаева Садыр Жапаровдун сапары эки мамлекеттин мамилелеринин жаңы барагын ачып жатканын белгиледи.

Танзила Нарбаева кызматташууну жандандыруу жана бардык көйгөйлүү маселелерди чечүү эки мамлекеттин элинин бакубаттуулугун жогорулатууга кызмат кылат деп үмүт артты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18