24.kg
09:29, 12 марта 2021, 24.kg

Чехиянын улуттук авиакомпаниясы банкрот деп табылды

Прага соту Чехиянын Czech Airlines улуттук авиакомпаниясын банкрот деп тапты. Мындай өтүнүч менен коронавирус пандемиясынан улам абалы оорлошуп кеткен авиакомпания сотко өзү кайрылган.

Маалыматка караганда, Прагадагы Smartwings тобунун бир бөлүмү эсептелген Czech Airlines авиакомпаниясынын карызы 1,8 миллиард чех кронуна (80 миллион долларга жакын) жеткен.

Бүгүнкү күнгө чейин каттамдарды аткарып жаткан компания февралдын аягында каржы кудуретсиздиги тууралуу мыйзамга ылайык реорганизация кылуу сунушу менен сотко кайрылган.

Czech Airlines каржы кыйынчылыктарынын себеби катары коронавирустук каатчылыкты атаган. Авиакомпания чет өлкөлүк атаандаштарынан айырмаланып эч качан өкмөттөн жардам албаганына даттанып, пандемиядан улам жүздөгөн кызматкерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болгонун билдирген. Өткөн жылы Czech Airlines компаниясынын чыгашасы 69 миллион еврону түзүп, билет сатуу 2019-жылга салыштырмалуу 20% азайган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18