24.kg
09:17, 12 марта 2021, 24.kg

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга сапары алкагында бир топ документтерге кол коюлду

Кол коюлган документтердин арасында өкмөттөр аралык Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика жаатында, коргоо, коргонуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюча макулдашуулар бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын маалымат алмашуусу тууралуу протокол түзүлдү. Саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана маданият жаатында, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

Буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү өңүттөрдө түзүлгөн макулдашуу, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу да сүйлөшүлдү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Ал 11-мартта өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынган.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18