24.kg
09:35, 11 марта 2021, 24.kg

Кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү Тажикстандын Гулистон шаарында өтөт

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги сүйлөшүүсү 16-мартта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-мартта министр Руслан Казакбаев Тажикстандын башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер Согди облусунун Гулистон шаарында өтө турган жолугушуу ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин тактоо ишин улантууга, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө болорун айтышты.

Мындан тышкары, жакын арада өкмөт аралык комиссиянын 17-жыйынын, Тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү, кыргыз тараптын 30-мартта Душанбе шаарында Ооганстан боюнча өтө турган жыйынына катышуу маселелери да талкууланды.

Бир ай мурда Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18