24.kg
15:40, 10 марта 2021, 24.kg

Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

Ар кыл экономикалык долбоорлор үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 9-мартта Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында депутаттар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимдин ратификациясын жактырышты.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга каражат бөлөт, фонддун кеңеши куралат, ага Кыргызстандын жарандары кирет. Директорлор кеңеши үч өзбекстандык, эки кыргызстандык өкүлдөн турат.

Биргелешкен фонд түзүү 2017-жылы ал кездеги президент Сооранбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапарында эле демилгеленген. Бирок план эми гана иш жүзүнө ашууда.

Өлкө президенти Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Ташкентке барат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18