24.kg
14:18, 10 марта 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту

Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
 
Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
 
Мамлекет башчысы быйыл отуз жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.
 
Президент акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты.
 
Садыр Жапаров өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18