24.kg
12:47, 10 марта 2021, 24.kg

Дары-дармектер боюнча мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.

Мыйзам аркылуу өкмөт менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу уюм түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган.

Муну менен катар мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөттүн чечими менен белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18