24.kg
14:40, 09 марта 2021, 24.kg

Садыр Жапаров жакын арада Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматкы алйык, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18