24.kg
15:22, 05 марта 2021, 24.kg

Тажикстанда Google компаниясы да салык төлөй баштайт

Дүйнөдөгү ири телекоммуникациялык компания эсептелген Google Тажикстандык Салык комитетинде каттоодон өтүп, эми өлкө жарандарына көрсөтүп жаткан акы төлөнүүчү кызматтары үчүн салык төлөй баштайт.

Буга чейин Тажикстанда колдонуучусу көп Facebook социалдык түйүнү да өлкөдө салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Өткөн жылдын соңунда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына акы төлөнүүчү интернет-кызматтарын көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Бул мыйзамдын нормалары 2020-жылдын 17-декабрында кабыл алынып, быйыл январдын ортосунда күчүнө кирген. Жакындан бери чет өлкөлүк компанияларга Салык комитетинин расмий сайты аркылуу онлайн катталууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Google менен Facebook’тан тышкары буга чейин Тажикстандын Салык комитетинде Doodle inc, Novatech IT ltd жана Xsolla компаниялары да салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Аталган компаниялар Тажикстанда төлөшү керек болгон кошумча нарк салыгы учурда 18% түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18