24.kg
10:17, 05 марта 2021, 24.kg

Оштук ишкер Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды

Оштук ишкер Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгилей кетсек, Жалил Атамбаев мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча УКМК тарабынан 3-мартта кармалган. Учурда тергөө иши уланууда.

УКМКнын тараткан малыматка ылайык, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаевдин мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.

Ал эми, 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун мамлекеттин бюджетине төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Учурда Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18