24.kg
09:10, 05 марта 2021, 24.kg

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-апрелге чейин шаардын борбордук бөлүгүндө тынч жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Kloop.kg порталы адвокат Евгения Крапивинага шилтеме кылып билдирди.

Баш калаада ар жекшемби сайын активисттердин мыйзамдуулук үчүн акциясы өтүп келсе, 8-мартта аялдарды коргоого багытталган жүрүш уюштуруу пландалып жаткан. Эми соттун чечими менен тынч жыйындар Максим Горький атындагы сейил багында өткөрүлүшү керек.

Маалыматка караганда, сотко жекшемби күндөрдөгү митингдерге байланыштуу Биринчи май райондук акимчилиги арыз менен кайрылган. Мекеменин арызында шаар борборундагы митингдер «жарандарды тынчсыздандырып», анын катышуучулары транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдорду тосуп жатканы жазылган.

Басылма жүрүштүн катышуучулары жолдорду тосуп, автоунаа кыймылына тоскоолдук кылбаганын белгилөөдө.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18