24.kg
16:02, 03 марта 2021, 24.kg

Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы УКМКга чакырылды

Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн жетектеген Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды.

Ал УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу эки сааттан ашык сурак берип чыкканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Сегизбаевдин шайлоо штабынын өкүлдөрү «Азаттыкка» ырасташты.

Үсөновдун өзүнөн жана анын жакындарынан, адвокаттарынан, УКМКдан сурактын чоо-жайы тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

39 жаштагы Алмаз Үсөнов 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Сегизбаевдин штабын жетектеген. 2012-жылдан 2017-жылдын 11-декабрына чейин президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн башкарган.

Жалпысынан алты кылмыш иши боюнча шек саналып жаткан Абдил Сегизбаев азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18