24.kg
15:00, 03 марта 2021, 24.kg

Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү

«Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» 2020-жылдын декабрь айында кабыл алынган өкмөттүн токтомунун алкагында, 385 миң 870 насыя алуучуга 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө үчүн 286 миллион 383,2 миң сом субсидияланды. 

2021-жылдын январь айында 344 миң 826 насыя алуучуга төлөө үчүн субсидиянын көлөмү 240 миллион 423,6 миң сомду түздү.

Эске салсак, мындай чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдан улам, финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Насыя алуучулардын аярлуу катмарына 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча үч ай ичинде (2020-жылдын декабры жана 2021-жылдын январь-февраль айлары) пайыздык төлөмдөрдү төлөө түрүндө жардам көрсөтүлөт. 

Үстүбүздөгү жылдын февралы айы үчүн насыялар боюнча пайыздарды субсидиялоо үстүбүздөгү жылдын март айында жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18