24.kg
09:23, 02 марта 2021, 24.kg

Франциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилди

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага «Коррупция» жана «Кызмат абалынан аша чабуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Париж сотунун токтомуна ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта, эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Эми Саркози чечимдин үстүнөн апелляция берүүгө 10 күндүк убактысы бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 66 жаштагы Саркози президент кезинде судья Жильбер Азибергди кызматтан көтөрүү жана Монакодон «ыңгайлуу жай» табууну убада кылып, миллиардер Лилиан Бетанкурдун ишин тергөө боюнча маалымат алууга аракет кылган.

Айыптоо Саркозинин бул ишке катышы боюнча адвокаты Тьерри Эрцог менен телефондон сүйлөшүүсүн далил катары көрсөттү. Экс-президент менен бирге адвокаты Тьерри Эрцог да үч жылга кесилди.

Николя Саркозиге айыпталган сот иштери муну менен аяктабайт. 2012-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоого байланыштуу кийинки сот ушул айга белгиленген. Николя Саркози Францияны 2007-2013-жылдары башкарган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18