24.kg
16:46, 01 марта 2021, 24.kg

Түркия айга уча турган ракета жасоого ниеттенүүдө

Түркия айга баруу миссиясы үчүн колдонула турган гибрид кыймылдаткычтуу ракета жасай турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 28-февралда билдирди.

Ал түрк ракетасы Delta V Space Technologies Inc компаниясынын технологиялык иликтөөлөрүнүн негизинде жасаларын айтты. «Немис толкуну» медиа компаниясынын билдиргенине караганда, министр Варанк түрк ракетасынын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн чоо-жайына токтолгон жок.

Түркия Айга учуруу программасын эки баскычта жүзөгө ашырууну пландоодо. Министр эки мөөнөттү — 2023-жылды жана 2028-жылды атады. Биринчи баскычта аралыктан башкарылуучу аппаратты Айдын кыртышына кондуруу каралган.

Ванктын билдиришинче, Түркия «космос тармагындагы жогорку лигага» кирүүгө умтулууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-февралда өлкөнүн улуттук космос иликтөө программасын жарыялаган. Анкара өзүнүн космодромун түзүү, өз жаранын космоско аттандыруу, ошондой эле жарандык жана аскердик муктаждыктар үчүн Жердин жаңы жасалма жандоочуларын орбитага учуруу үчүн алгачкы камылгаларын көрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18