24.kg
15:57, 01 марта 2021, 24.kg

Өткөн жылы тоо кен тармагынан бюджетке 18 миллиард сом түштү

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 18 миллиард 204 миллион 37 миң сом түштү. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кен иштетүү тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

«Биз үчүн көп жылдык тажрыйба жана ишибизде эксперттердин көз карашы маанилүү. Ишибиздин жөнгө салынышына кызыкдарбыз. Тоо-кен тармагындагы экономиканын өнүгүүсүнө жана инвестициялык жагымдуулукка терс таасирин тийгизген белгилүү бир кыйынчылыктарды эске алуу менен, биз тиешелүү реформаларды жүргүзүү ниетиндебиз», — деди Улукбек Марипов.

Ассоциациянын мүчөлөрү кен иштетүү тармагынын негизги маселелерин белгилешти, алардын арасында: кен пайдаланууну мыйзамдуу жөнгө салуу, кесипкөй кадрлардын, тармакты өнүктүрүүгө бюджеттик каражаттардын жоктугу, саясий туруксуздук, жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара аракеттенүү маселелери бар.

Эксперттер ошондой эле, кен иштетүү жаатында тармактык мамлекеттик органды сактап калуу жана кен пайдалануу тармагында туруктуу ишти камсыздоо, кесипкөй эксперттик коомчулук институтун түзүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууну жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18