24.kg
12:56, 01 марта 2021, 24.kg

ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ветеринардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салды

Өкмөт бекиткен биринчи кезектеги чаралар планынын алкагында ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салынды.

Белгилей кетсек, мурда товарды коштоочу документтердин тизимине ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү өткөндүгү тууралуу маалымдама да кирген. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, бул ишкерлерге белгилүү ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Аталган көзөмөлдүн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ болгондуктан жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул Кыргыз Республикасынан «бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоонун бажы процедурасына уруксаат берилген товарларды жана жаныбарларды автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдөгү мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

Тийешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18