24.kg
12:02, 25 февраля 2021, 24.kg

СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев дүйнөдөн кайтты

Узакка созулган оорудан улам көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 25-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Токтоналы Сейталиев 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.

Опера арияларынан тышкары анын камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18