24.kg
10:38, 24 февраля 2021, 24.kg

Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Россияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Президент менен бирге бир топ аткаминерлер сапар алды:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;

— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;

— Бишкек шаарынын мэринин м. а. Бактыбек Кудайбергенов

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18