24.kg
10:00, 24 февраля 2021, 24.kg

Журналисттер Мирзиёевдин жашыруун резиденциясын аныкташты

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы мамлекеттик компаниялар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүн көз жоосун алган жашыруун эс алуу жайын курушканын өз иликтөөсүндө аныктады. Ал комплекстин ичинде суу сактагыч да бар экени маалым болду.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген.

Комплекс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан. Бул аймактын бир бөлүгү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Резиденциянын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес. Ар кайсы булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн.

Мирзиёевдин администрациясы жана «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы «Азаттыктын» өзбек кызматынын курорт тууралуу кайрылуусуна жооп беришкен жок.

Шавкат Мирзиёев бийликке 2016-жылы мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18