24.kg
09:52, 24 февраля 2021, 24.kg

Тажикстанда кармалган жарандарды кайтаруу маселеси сүйлөшүлдү

22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты. Анда эки өлкөнүн аймагында чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыбы менен кармалгандарды алмашуу талкууланды.

Белгилей кетсек, 16-февралда Тажикстандын УКМКсы 5 кыргыз жаранын кармаган. Айрым маалыматтарга караганда, кармалгандардын саны 5тен көп. Ал эми Кыргызстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Тажикстандын 15тей жараны кармалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18