24.kg
17:27, 22 февраля 2021, 24.kg

ДССУ: COVID-19 эпидемиясы 2022-жылдын башында токтойт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун эпидемиясынын жаңы түрү 2022-жылдын башында аяктай турганын жана эң начар сценарий артта калганын жарыялады. Бул тууралуу TRT телеканалы маалымдайт.

Даниянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы DRга маек берген, ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Др. Ханс Клюге 2021-жылдын дагы Ковид-19 жылы болоорун, бирок 2020-жылга караганда этият жана башкарууга боло тургандыгын баса белгиледи.

Клюге эң начар сценарий артта калганын, вирус алгач жайыла баштаган 2020-жылга салыштырмалуу вирус жөнүндө көбүрөөк маалымат бар экендигин билдирди.

Ковид-19 мутациясын талкуулаган Клюге, мутациялар кадыресе көрүнүш экендигин жана вирус жуккан адамга ыңгайлашууга аракет кылып жатканын, бирок мутациялардын тез жайылышы аларды тынчсыздандырганын түшүндүрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18