24.kg
09:28, 22 февраля 2021, 24.kg

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын «кара тизмеден» чыгарды

Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алды. Ага ылайык, Кыргызстандан медициналык билим алган Пакистандын жарандары медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире алышат.

Ошондой эле пакистандык абитуриенттер Кыргызстандагы бардык медициналык окуу жайларына эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат.

Бул маселелер Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин Пакистанга жасаган иш сапары учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде каралып, чечилген.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстан-Пакистан илимий фондун түзүүнү макулдашып, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сүйлөштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга 16-февралда иш сапар менен барган. Министр Бейшеналиев Пакистандын билим берүү жана кесиптик-техникалык билим алуу министри Шафкат Махмуд жана жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолуккан.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды «кара тизмеге» киргизип, өз атуулдарын бул окуу жайларга тапшырбоого чакырган. Буга Кыргызстандан дарыгерлик диплом алган пакистандыктардын 90% Пакистандагы милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жарабай калганы жүйө келтирилген.
Кийинчерек Кыргызстандын төрт медициналык жогорку окуу жайы «кара тизмеден» чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18