24.kg
10:57, 19 февраля 2021, 24.kg

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө президенттикке ат салышууга тыюу салынат

Ички иштер министрлиги уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга тыюу салуу сунушун көтөрүүдө.

«Шайлоо» жана «Уюшулган кылмыштуу топко каршы туруу» жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү өкмөттүн сайтында талкууга коюлду.

Ага ылайык кылмыштуу топтун мүчөлөрү, же ага тиешеси бар жарандар жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна катышып, муниципалдык кызматтарда иштей алышпайт.

ИИМ экономикалык жана саясый туруксуздук учурунда кылмыштуу топтун таасири күчөп жатканын белгилейт.

Мекеменин маалыматында, уюшулган топтун мүчөлөрү кылмыштуу жол менен тапкан акчаларын легалдаштыруу үчүн саясый партияларга, кыймылдарга жана коомдук бирикмелерге киришет. Андан тышкары, алар партияларды каржылап, өз өкүлдөрүн бийликти ар кандай түзүмдөрүнө дайындоого аракет кылышууда.

ИИМ акыркы жылдардагы шайлоолордун баарына криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү катышып жатканын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18