24.kg
09:42, 19 февраля 2021, 24.kg

Тажикстанда блогерлер салык төлөп башташат

Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөн жана YouTube порталынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирди.

Мекеме башчысы Шамсулло Кабирзоданын айтымында, өлкөдөгү блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй башташы керек.

«Салык комитетинин кызматкерлери блогерлердин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, аларды салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү зарыл деген чечимге келишти. Бул жеке блогерлерге гана эмес, башка жеке жактарга да тиешелүү. Алар өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып, акча алышат. Ошондуктан салык төлөшү керек. Жаңылбасам, бүгүнкү күнгө карата төрт блогер ишкер катары салык органдарына каттоого турушту», — деди Кабирзода.

Өз кезегинде тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтып, салык төлөй албай тургандыктарын, болбосо социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын жабууга аргасыз болушарын билдиришүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18