24.kg
15:24, 18 февраля 2021, 24.kg

Камчыбек Ташиев чек араны чечүүдө жерлер менен алмашууга туура келерин айтты

Чек араны чечүүдө айрым жерлер менен алмашууга туура келет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал делимитациялоо маселелери бүткөндөн кийин эл ал чечимге баш ийерин эскертип өттү.

«Жер бул кой эмес, мал эмес аны алып сатып жибере турган. Жер мамлекеттики. Биз бир айылдын, же бир райондун эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойбуз. Айрым учурда жерлерди алмашууга туура келет. Сиздер колдонуп жүргөн жер аларга, алардыкы сиздерге өтүп калышы мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы биз Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп иш кылабыз», — деди ал.

Камчыбек Ташиев чек ара боюнча чечимдерге түшүндүрмө берип, элге айтып турууну убадалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18