24.kg
12:26, 18 февраля 2021, 24.kg

Тамак-аш жана суусундуктардын баасы январь айында 18,5 пайызга кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январында 2020-жылдын январына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 54,6 пайызга, картошкага - 46,3 пайызга, жумурткага - 35,4 пайызга, кумшекерге - 33,1 пайызга, этке - 27,5 пайызга, унга - 16,5 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 15,1 пайызга, макарон азыктарына - 16,6 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,9 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 пайызга пастеризацияланган сүткө - 5,5 пайызга, нанга - 5,2 пайызга, балыкка - 3,3 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы белгиленди.

Ошол эле убакта, таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18