24.kg
09:33, 18 февраля 2021, 24.kg

Чек ара маселеси менен митингге чыккандар менен жабык жыйын өттү

Баткен жана Жалал-Абад облусундагы чек ара маселесин чечүү талабы менен митингге чыккандар менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жабык жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу жыйындын катышуучулары билдиришти.

Жолугушууга журналисттер киргизилген жок. Ага президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев жана чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Анда мамлекеттик чек аралардын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо, аймактын калган тактала элек тилкелери боюнча маселелерди чечүү жолдору жана аткезчиликке бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын социалдык-чарбалык абалын жакшыртуу жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү үчүн каражаттарды тезирээк бөлүп берүү зарылдыгы белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18