24.kg
09:02, 18 февраля 2021, 24.kg

Өзбекстанда 26 жаштагы келин консерваланган помидорго ууланып каза болду

Өзбекстандын Жизак облусунда үч киши үй шартында даярдалган консерваланган помидорго ууланды. Жабыркагандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын ичинен 26 жаштагы келин каза болду.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, келинди ооруканага алып келишкенде эле шайы кетип, сүйлөй албай калган. Анын күйөөсү жана кайнатасы да ооруканага жактырылган.

Маркум уулангандан кийин бир жарым сутка дарыгерлерге кайрылган эмес.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Самаркандда да консерваланган азыкка беш киши ууланганын, алардын бири кийин ооруканада кайтыш болгонун жазышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18