24.kg
16:26, 17 февраля 2021, 24.kg

УКМК кримтөбөл Кадыр Досоновдун байлыгын ачыкка чыгарды

Женго каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган УКМКнын иш-чараларынын алкагында Женго каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Досоновго карата Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досоновдун жакын туугандарына жана башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 унаасы жана кыймылсыз мүлктөрү (15 турак жай жана 35 жер тилкеси) аныкталды. Ошондой эле Досонов айрым курулуш компанияларын каржылагандыгы белгилүү болду. Тергөө иштери жүрүп жатат»,— деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18