24.kg
16:23, 17 февраля 2021, 24.kg

Өзгөндө үч жашар баланын өлүмүнө шектүү өспүрүм кармалды

Өзгөн районунда 3 жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелип, 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-январда милицияга райондук ооруканага оор жаракат алган баланын түшкөнү маалымдалган.

Күбөлөрдүн айтымында, аны айдоочу өлтүрө сүзгөндөн кийин талаага таштап кеткен.

Бирок тергөөнүн жүрүшүндө аны Кара-Дарыя айылынын 15 жаштагы тургуну 3 жаштагы баланы талаага алып барып, аны сөккөнү үчүн өлтүрүүнү чечкендиги аныкталган.

«Шектүү каза болгон баланын бетине уруп, андан кийин башын таш менен койгулап, сөөктү камыштардын арасына ыргытып, качып кеткен. Кармалган адам Өзгөн шаарындагы мектептин 9-классында окуйт. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү)кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти РИИБден.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18