24.kg
16:17, 17 февраля 2021, 24.kg

УКМКнын кызматкеримин деп элди алдаган киши кармалды

Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну К.у.А. өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, элден акча алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Ага ылайык, К.у.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болуп, жабырлануучуларды ири компанияларга жумушка орноштурам деп алдап, көп суммадагы акча алып жүргөн.

Анын унаасын тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкеринин күбөлүктөрү, ЖКнын мөөрү жана имаратына кирүүчү документ, Россиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Россиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган жана колу коюлган Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, ошондой эле уюлдук телефонунан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылып, алынган.
Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилери айтылат.

Учурда К.у.А. жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берген. Тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК бул жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды 03922 51180 (облустук башкармалык) номерине же 0312 660475 (нөөмөт кызматы) номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18