24.kg
12:50, 17 февраля 2021, 24.kg

Улукбек Марипов Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ишин сынга алды

Бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 4 айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Бир кг эттин баасы орточо алганда 435 сомго дейре жогорулап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго жогору дегенди билдирет.

Өкмөт башчы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

«Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар. Агенттиктин жетекчилиги рыноктогу жана дүкөндөгү реалдуу абал кандай экендигин билбейт. Ыңгайлуу орундукта отуруп, буйрук бергенге гана көнүшкөн. Бул тажрыйбаны токтотуу керек. Мен өзүм кээде базарларга барып, тамак-аш азыктарына карата бааларга көз салып турам жана жарандардын нааразычылыгын жакшы түшүнөм», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Премьер-министр биринчи кезектеги муктаждыкты жараткан, өзүбүз өндүргөн продуктулар менен камсыздоо иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18