24.kg
16:15, 16 февраля 2021, 24.kg

Өзбек президентинин күйөө баласы жол кырсыгына учурады

Өзбекстан президентинин үй-бүлөсү менен өкүмөтүнө жакын өз булактардын кабарлашынча, Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы, мамлекет башчысынын коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, 36 жаштагы Отабек Умаров 13-февраль күнү кечинде Ташкентте жол кырсыгына кабылды.

Маалыматка караганда, мотоцикл минип бараткан Отабек Умаров катуу ылдамдык менен келе жатып унаа менен сүзүшүп кетпеш үчүн жол жээгине чыгып кеткен.

Президенттин күйөө баласы бутунан жаракат алганы, ага алты саат операция жасалганы айтылууда.

Башка бир маалыматтарга караганда, бейтапты жеке менчик медициналык учак менен чет өлкөгө алып кетишкен.

Отабек Умаров Өзбекстан президентинин кенже кызы Шахноза Мирзиёевага үйлөнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18