24.kg
16:07, 16 февраля 2021, 24.kg

Кыргызстан өсүмдүк майынын өндүрүшүн көбөйтөт

Кыргызстан өсүмдүк майынын өндүрүшүн көбөйтөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов түз эфирде билдирди.

Ал өлкөдө айрым азык-түлүккө баа кескин кымбаттаганын белгиледи. 

«Мен өзүм деле буга чейин базарларды кыдырып, эл арасында айтылып жаткан маселелер тууралуу толук маалыматым бар. Өсүмдүк майы, эт, күрүч жана социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баалары акыркы 6 айда өстү. Өсүмдүк майы 163%га кымбаттады. Анын себептери, эмнелер аткарылды, импорттон кымбаттадыбы? Ушунун баарын анализдеп, өкмөт мүчөлөрүнө тапшырма бердим», — дейт ал.

Марипов азык-түлүк жарманкесин жайылтып, өндүрүүчүлөргө шарт түзүү менен баанын бир аз түшүшүн камсыздоого болорун айтат.

«Андан сырткары, Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине суюк майды эмнеге өзүбүз жүгөрү, семичке, сафлордон өндүрө албайбыз деген суроо коюлду. Кыргызстан өсүмдүк майынын 85%ын импорттойт, жок дегенде 50%ын өзүбүз өндүрөлү деген талапты койдум. Министрлик бул боюнча толук иш алып барат», — деди өз сөзүндө премьер-министр

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18