24.kg
11:10, 16 февраля 2021, 24.kg

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү март айында улантат

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү март айында улантат. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан менен чек аранын 60 пайызы боюнча макулдашуу бар.

«Учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев дарыланууда. Ал келгенден кийин сүйлөшүүлөр башталат», — деди ал.

Белгилей кетсек, өткөн жумада кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларында келишпестиктер катталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18