24.kg
08:47, 16 февраля 2021, 24.kg

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду

Бүгүн таң эрте 82 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул маалымат, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлиги билдирди.
 
Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21- сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги № 5- орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырат. Табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат. Келечектүү актрисанын таланты 1958-жылы тартылган «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында ролун аткаруу менен кеңири таанылган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыбай эмгек кылуунун үлгүсүн жаратты.
 
Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмада» Катарина, «Отеллодо» Дездемона, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күндө» Найман эне Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанда» Кишимжан, К. Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабатында» Элпи, М. Байжиевдин" Төрт адам да" Нази, «Кыз күйөөдө» Гүлсүн, Б Жакиевдин «Күттүргөн жазда келээр» Зейнеп, М. Карим «Ай тутулган түндө» Шафак, Гогольдун «Үйлөнүүсүндө» Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасов «Ак боз ат» Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18